Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 15-3
Төлөйкөн айыл аймагындагы айыл тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагыайыл тургундарынын үлүштөрүн жылдырып берүү жөнүндөгү арыздарын карап, талкуулап Төлөйкөн айыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагындагы айыл тургундарынын үлүштөрүн жылдырып берүү боюнча Кыргызстан айылында жайгашкан «Шакир» дыйкан чарбасына караштуу №16 кварталдагы 1.10 га үлүш жери №15 кварталдагы 0.32 га үлүш жерине кошуп жылдырып берилсин.
2. Жерге жайгаштыруу жана каттап берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арапбаевге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомду көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |