Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 10-февралы № 15-4
Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн айылынын Кара-Кысмак участкасынын тургундарынын арызы жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн айылынын Кара-Кысмак участкасынын тургундарынын арыздарын карап, талкуулап Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл аймагындагы Төлөйкөн айылынын Кара-Кысмак участкасында ашар жолу менен 1990-жылы курулган мечиттин жер тилкесин бекитип берүү жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго милдеттендирилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук архитектура жана курулуш жана Кара-Суу райондук мамлекеттик мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн юристи А.Осмоновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдукаримовго милдеттендирилсин.
Төрага | И. Ажиматов |