Редакцияот 11.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Ош облусу Кара-Суу району Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезектеги ХVI сессиясы

(V шайланган)

 

2015-жылдын 11-марты № 16-5

Төлөйкөн айыл аймагына караштуу жайыт жерден №171 контурунан 4га  жер аянтын шагыл завод куруу үчүн ижарага берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 9-бөлүмүнүн 60-61 беренелерин жетекчиликке алып, «Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар» агенствосунун 12-январь 2013-жылдагы жер кыртышын иштетүү укугу жөнүндөгү №3854 ТЕ лицензиясынын негизинде Төлөйкөн айыл аймагына караштуу жайыт жердин   №171 контурунан 4га жер аянтын шагыл завод куруу үчүн ижарага  берүү максатында Төлөйкөн айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу жайыт жердин   №171 контурунан 4га жер аянтын шагыл завод куруу үчүн Ходжаев Замирбекке ижарага  бекитилип  берилсин.

2. Жогорудагы токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арапбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеёешинин айыл чарба, жер агрардык реформа, турак жай, өнөр жай, курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияна жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

И. Ажиматов