Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-марты № 16-12
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2015-жылга каралган бюджетин бекитүү маселесин айыл өкмөтүнүн финансы боюнча адистери, айыл башчылар, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен такталып түзүлгөн бюджет айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-сентябрындагы № 492 токтомун аткаруу максатында айыл өкмөттүн аймагында калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча аткарылган иш чаралар боюнча иштеген адистерге 1 күнүнө 250 сомдон эмгек маянасы төлөнүп берилсин.
2. Айылдык кеңеш тарабынан токтомдорду юстиция министрлигинин реестрине киргизүү үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Шайлоо участкаларын шайлоого даярдоо максатында сарпталуучу акча каражаты айыл өкмөт тарабынан каржылансын.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Бердиевага жүктөлсүн.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык –экономикалык өнүгүү, коммуналдык менчик, бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Ажиматов |