Редакцияот 17.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Ош облусу Кара-Суу району Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезектеги ХVII сессиясы

(V шайланган)

 

2015-жылдын 17-апрели № 17-5

Төлөйкөн айыл аймагындагы дүкөндөрдө мыйзамсыз спирттик ичимдиктерин сатууга тыюу салуу жөнүндө

Төлөйкөн айыл аймагындагы дүкөндөрдө мыйзамсыз спирттик ичимдиктерин сатууга тыюу салуу максатында Төлөйкөн айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Төлөйкөн айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга  лицензиясы жок жана сатууга лицензиясы бар бирок социалдык обьекттерден (мектеп, бала-бакча, спорт аянтчасы ж.б.) 100 (жүз) метр аралыктан  жакын  жайгашкан дүкөндөрдө  спирт  ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.

2. 18 жашка толо элек, жаш өспүрүмдөргө тамеки жана спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.

3. Жогорудагы токтомду аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маданий, билим берүү, маалымдуулук, байланыш, инвестиция, жаштардын иштери, спорт жана туризм маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

И. Ажиматов