Редакцияот 17.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Ош облусу Кара-Суу району Төлөйкөн айылдык Кеңешинин кезектеги ХVII сессиясы

(V шайланган)

 

2015-жылдын 17-апрели № 17-6

2015-жыл мектептерде акыркы конгуроо өткөрүү аземи жөнүндө

Төлөйкөн айыл аймагына караштуу  мектептерде 2015-жылдагы  акыркы конгуроо аземин өткөрүүнү өз максатында өткөрүү боюнча Төлөйкөн айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу  мектептерде 2015-жылдагы акыркы конгуроо аземи өз максатында жана тартиби менен өткөрүлсүн. Уюштуруу жагы айыл башчыларга, мектеп директорлоруна жана мугалимдер жамаатына милдеттендирилсин.

2. Мектептерде акыркы конгуроону ар кандай терс көрүнүштөргө балдарды жоопсуз экскурсияларга чыгарууга, ар түрдүү кечелерди өткөрүүгө катуу тыюу салынсын.

3. Шаан шөөкөттүү кечелерди тыюу жагы (салтанаттуу аземден тышкары) мектеп директорлоруна жана ата-энелерге эскертилсин.

4. Жогорудагы токтомдун аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абукаримовго жүктөлсүн.

 

 

 Төрага

И. Ажиматов