Редакцияот 28.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 28-марты № 5

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXVIII-чакырылышындагы кезектеги II сессиясында Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылга финансылык отчетун бекитүү жөнүндө

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXVIII-чакырылышындагы кезектеги II сессиясы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы финансылык отчетун угуп талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы финанасылык отчету:  кирешеси боюнча пландагы 7898,3 миң сомдун ордуна 7839,1 миң сомду түзүп, 99,3% га, чыгашасы боюнча пландагы 7898,3 миң сомдун ордуна 7633,9 миң сомду, 96,7 % га аткарылгандыгы бекитилсин.

 

 Төрага

И. Изаканов