Редакцияот 16.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин 38-чакырылышынын 1-сессиясы

 

2015-жылдын 16-январы № 2

Кең-Арал айылынын тургуну А.Мухамедовдун айылдагы эски мончонун ордуна кайра жаңы мончо куруу боюнча жерин сурап жазган арызын канатааттандыруу максатында Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин 38-чакырылышынын кезектеги 1 -сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Айыл ичиндеги эски мончонун ордун тактоо боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:

1.  Б.Камчыбеков - айылык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын

төрагасы-комиссиясынын төрагасы

комиссия мүчөлөрү:

2. Ж.Асанов - айылдык кеңештин депутаты

З. О.Жамангараев - айылдык кеңештин депутаты

4. Б.Момункулов - айыл өкмөтүнүн жер адиси

5. Б.Жаманкулов - айыл өкмөтүнүн салык кызматкери

6. А.Шабданов    - жаштар комитетинин төрагасы

7. К.Жаманкулов - Аксакалдар сотунун төрагасы

2.  Жерди тактоо учурунда райондук архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын тийиштүү адистери чакырылсын.

2. .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 Төрага

И. Изаканов