Редакцияот 27.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXVIII чакырылышынын кезектеги 4 - сессиясы

 

2015-жылдын 27-июну № 13

Кең-Ара айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасын Л.Арыстанов opтo мектебинин электр энергиясына болгон карыздын туумуна ыйгаруу үчүн айыл өкмөт башчысынын кайрылуусун карап чыгып талкуулап Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXVIII чакырылышынын кезектеги 4 - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагына караштуу Л.Арыстанов орто мектебинин электр энергиясына болгон карыздын туума 195000 (жүз токсон беш миң) сом акча каражатынын ордуна айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасы (мамлекеттик № 0661 ТА ВАЗ-21 -07 маркасындагы) берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы В.Темирбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

И. Изаканов