САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 138
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору Аданбаев Маратбектин коомдук тартипти сактоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору Аданбаев Маратбектин аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору Аданбаев Маратбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартипти сактоо, мал урулук, кылмыштуулуктун алдын алуу абалы боюнча аткарып жаткан иштери эске алынсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|