Редакцияот 23.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

     Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы 

 

2015-жылдын 23-январы № 139  

                     

Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн аймагында 2014-жылы ички жана сырткы инвестицияларды тартуу боюнча аткарылган иштери жөнүндө “Интер-Билим” коомунун презентациясы

Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн аймагында 2014-жыл ичинде ички жана сырткы инвестицияларды тартуу боюнча “Интер-билим” коомунун өкүлүнүн  малыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл  өкмөтүнүн аймагында 2013-2017-жылдар аралыгында түзүлгөн стратегиялык иш-пландарына ылайык 2013-2014-жылдар ичинде ички жана сырткы инвестицияларды тартуу боюнча аткарылган иштери тууралуу “Интер-билим” коомунун өкүлүнүн  маалыматы жактырылсын.

2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын

 

Төрага

П. Жунусалиев