САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы
2015-жылдын 23-январы № 140
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин жана түзүмүн бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы-башкы бухгалтер К.Нуралиеванын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдиктери жана түзүмдөрү тууралуу билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн штаттык бирдиктери жана түзүмдөрү бекитилсин.
2. Штаттык бирдиктеги “Жер, турак жай жана коммуналдык менчик боюнча башкы адис” адистиги “Маалымат жана технология боюнча жетектөөчү адиси” кызматына өзгөртүлүп түзүлсүн.
3. “Жер, турак жай жана коммуналдык менчик боюнча башкы адистиги” кызматы “Жер, турак жай, коммуналдык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистигине бириктирилип, бир штаттык бирдик – “Жер, турак жай, коммуналдык жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис” аталсын.
4. Айыл өкмөтүнүн электрик жумушуна эки штаттык бирдик алынсын, бир штаттык бирдик айыл өкмөтүнүн вакантта турган “Аскердик эсепке” алуу штатынын эмгек акысы төлөнүп берилсин, экинчи бир штаттык бирдик келишимдик (контрактык) негизде алынып, эмгек акысы айыл өкмөтүнүн сметасында каралган “Ар кандай чыгымдын” эсебинен 6000-00 миң сомдон төлөнүп берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 112-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын 13.01.2015-жылдагы № 11 буйругунун негизинде чыккан Өзгөн районунун Cалам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2015-жылдын 22-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чейин салык постун коюу жөнүндөгү 2015-жылдын 22-январындагы № 139п буйругу бекитилсин.
6. Салык инспекциясы көмүрдү катточу постко уруксат бергенден кийин 2 (эки) штаттык бирдик ачылсын жана келишимдик (контрактык) негизде сезондуу жумуш аяктаганга чейин же болбосо көмүр постунун мөөнөтү аяктаганга чейин, эмгек акысы салык инспекциясы менен макулдашылгандан кийин төлөнүп берилсин.
7. Салам-Алик айылындагы спорт комплексинин кароолунун эмгек акысы 2700-00 сом, пол жуугандыгы жана айлана чөйрөнү көрктөндүрүү үчүн 2700-00 сом, бардыгы 5400-00 сом төлөнүп берилсин.
8. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|