Редакцияот 23.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

     Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 16-сессиясы 

 

2015-жылдын 23-январы № 143  

                     

     Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын айылдарына бала бакча курууга жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө

Жалпы депутаттардын сунушу боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн айылдарына бала бакча куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 16-сессиясы төмөндөгүдөй

                                          ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагынын айылдарына бала бакча курууга төмөндөгү айылдарга жер аянттары бөлүнүп берилсин:

        1.  Кызыл-Чарба айылына               0,35 га;

        2.  Ак-Терек  айылына                         0,35 га;

        3.  Кош-Этер айылына                     0,35 га;

        4.  Кызыл-Байрак айылына             0,35 га;

        5.  Ара-Көл айылына                        0,35 га;

        6.  15 жаш айылына                          0,35 га;

         Бардыгы                                            2,10  га;

2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын

 

 

Төрага

П. Жунусалиев