Редакцияот 04.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

     Салам-Алик айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 17-сессиясы 

 

2015-жылдын 4-февралы № 148  

                     

    Салам-Алик айылынын тургундары Абдыкадырова Гүлнара менен Муратова Рапиянын айылдык кеңештин төрагасына кайрылуусу жөнүндө

Салам-Алик айылынын тургундары Абдыкадырова Гүлнаранын жана Муратова Рапиянын суроо талаптарын жана маалыматтарын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 17-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Салам-Алик айылынын тургуну Абдыкадырова Гүлнарага баласы Маканбаев Э турак үй куруу боюнча чек берүү иштерин тез арада чечип берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2.  Салам-Алик айылынын тургуну Муратова Рапия 10 жылдан бери Калинин участкасынан жер алып иштеткендиги, жана ал жердин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукционго коюлушу же коюлбашы жөнүндөгү маселени мыйзам чегинде чечип берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

П. Жунусалиев