Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 150
Ош областык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-ноябрындагы Иш № ЭД-000410-14-МО чечими жөнүндө
Ош областык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-ноябрындагы Иш № ЭД-000410-14-МО чечимин карап чыгып, жалпы депутаттардын добушуна ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош областык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 27-ноябрындагы Иш № ЭД-000410-14-МО чечимине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн эсебинен Өзгөн райондук соц.фонд башкармалыгына 75878 сом камсыздандыруу төлөмүн, 5535 сом мамлекеттик алым, 230 сом почта акысын айыл өкмөтүнүн бюджетинин мыйзам ченемдүү статьясын карап Өзгөн райондук соц. фонд ишканасына төлөнүп берилсин жана төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|