Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 151
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Тойчубеков Амантурдун жер маселеси бюнча кайрылуусу жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-ноябрындагы № 84 токтомунун негизинде Салам-Алик айылынын тургуну Тойчубеков Амантурга мыйзамсыз 0,08 га жер аянты берилген. Ал жер айыл чарба багытындагы жерге кирет жана транформация болгон эмес. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптары бузулган. Өзгөн районунун прокурорунун 2009-жылдын 23-июлундагы № 33-958-б протестинин негизинде жер берүү боюнча Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-ноябрындагы № 84 токтому Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы № 164 токтому менен жараксыз деп чыгарылган.
Жогорудагы маселелерди карап, депутаттардын жалпы добушуна ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18 сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылынын тургуну Тойчубеков Амантурдун арызынын жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдыразаковдун айыл кеңешине жолдогон билдирүүсүнө ылайык, Ош областык райондор аралык сотуна кароо үчүн жөнөтүлсүн.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|