Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 152
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Салам-Алик айылына бала бакча ачуу жөнүндөгү Салам-Алик айылынын элдик жыйынын чечимин талкуулап жана Салам-Алик айылынын тургун Завытахунова Нургүлдүн айылдык бала бакча ачуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысына жазган 2015-жылдын 16-февралындагы жазган арызын карап Салам-Алик айыл кеңешинин 5-шайланган 18-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Салам-Алик айылында көптөгөн үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Айылдагы Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин бир тарабындагы бош турган бөлмөлөр балдар бакчасы үчүн убактылуу бөлүнүп берилсин.
2. Салам-Алик айылындагы балдар бакчасы ачылгандан кийин көмүр-отун, тамак-аш продуктылары менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен мүмкүнчүлүгүнө жараша камсыздоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук билим берүү бөлүмүнөн ушул токтомду бекитип берүү жагы.
4. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук финансы бөлүмүнөн Салам-Алик айылындагы балдар бакчасын мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|