Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 153
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн участкалык инспекторуна милициянын таяныч пунктуна жана Кызыл-Чарба айылынын тургуну Исмаилов Саматка спорттун түрү-күрөш боюнча Москва шаарына мелдешке катышууга жол чыгымына акча бөлүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн участкалык инспектору Аданбаев Маратбектин жана Кызыл-Чарба айылынын айыл башчысы Н. Рахманбердиевдин кайрылуларын угуп, депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын январь айы ичинде 15 жаш, Ара-Көл жана Салам-Алик айылдарында ачылган милициянын таяныч пунктуна 5400 (беш миң төрт жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Москва шаарында өтө турган спорттун түрү-күрөш боюнча Кыргызстандын атынан мелдешке бара жаткан Кызыл-Чарба айылынын тургуну Исмаилов Саматка жол чыгымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20,0 миё сом төлөнүп берилсин.
3. Акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомду аткаруу Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, экономика, финансы жана байланыш тармактары боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|