Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 154
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагында спирт ичимдиктерин сатып жаткан майда камокторду тартипке келтирүү жөнүндө
Элдин жана депутатардын суроо талаптарын эске алып Cалам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бардык айылдагы спирт ичимдиктерин сатуучу майда күркөлөр (камоктор, магазиндер) кечки саат 22-00 дөн кийин жабылсын.
2. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө, айыл башчыларга, участкалык инспекторго тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|