Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-февралы № 156
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл, Кызыл-Байрак айылдарына канал чыгаруу, казуу жумуштарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл, Кызыл-Байрак айылдарына канал казуу, чыгаруу жумуштарына акча каражатын бөлүп берүү боюнча жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин 5-чакырылыш 18-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл, Кызыл-Байрак айылдарына канал чыгаруу, казуу, жумуштарына 498874-00 (төрт жүз токсон сегиз миң сегиз жүз жетимиш төрт) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин бюджет, финансы,экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Жунусалиев |
|
|