Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 15/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет, социалдык – экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети Жаңы-Айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2013-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2014-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн пландоо, бюджет, социалдык – экономикалык өнүгүү боюнча депутаттардын туруктуу комитети жана айыл өкмөт боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан сунушталган 2013-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү, 2014-жылдын киреше жана чыгаша бюджетин жактыруу үчүн Жаңы-Алай айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 7085,5 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 7028,5 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 4157,5 миң сомго, бюджетинин чыгаша бөлүгү 4138,6 миң сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
3. Айыл өкмөттүн 2013-2014-жылдардагы жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айыл өкмөттүн башчысы А. Исмаиловдун доклады канааттандырарлык деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалыкөнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго, К.Э.Б. башчысы Н.Нуридиновго аткаруу жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |
|
|