Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 15/5
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылында жайгашкан И. Умаров атындагы орто мектебинин эски имаратын 60 орундуу Жаңы-Арык балдар бакчасын ачуу туралуу
Жаңы-Арык айылынын элдик жыйынын 2015-жылдын 13-январындагы №1 протоколун жана айыл башчы С.Машеровдун сунушун карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылынын элдик жыйынын 2015-жылдын 13-январындагы №1 протоколунун негизинде аталган аймактагы 6 жашка чейинки балдарды бала бакчага тартуу жана тарбиялоо максатында Жаңы-Арык айылында жайгашкан И.Умаров атындагы орто мектебинин эски имаратын 60 орундуу Жаңы-Арык балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
2. Бала бакчага тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана курулуш, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан, ал эми каттоодон өткөрүп берүү жагы Ош облустук Юстиция башкармалыгынын, бала бакчанын ачылышы боюнча тишелүү кадр маселесин чечип берүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бала бакчанын ачылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын жана техникалык базасын чыңдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |
|
|