Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 15/6
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Алай айылындагы 1,70га бакты терек эгүү үчүн элдерге арендага берүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Алай айылындагы 1,70га бакты терек эгүү үчүн элдерге арендага берүү жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арзыкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Алай айылындагы 1,70га бакты терек эгүү үчүн элдерге арендага берүү жөнүндө Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Арзыкуловдун билдирүүсү жактырылсын.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө 1,70га бактын эскирип, куурап көп жылдан бери түшүм бербей калгандыктан, анын ордуна АРИС программасы тарабынан берилген тал-терек эгилсин.
3. 1,70га эски бакты көрктөндүрүү 10 адамга 15жылга бир жылдын ижара акысы 500 (беш жүз) сомдон 5000 (беш миң) сомго берилсин. (тизмеси тиркелет)
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |
| Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин 2015-жылдын «12» февраль № 15/6 токтомуна тиркеме
|
1. Ашимов М.
2. Арзыкулов У.
3. Динмуханмед уулу А.
4. Төрөкулов Т.
5. Каныбек уулу М.
6. Дыйканбаева Б.
7. Базаркулов Т.
8. Муктарбек у М.
9. Дурсуматов К.
10.Бакмаматов А.
Жоопту катчы | А.Мамаева |