Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 15/7
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитети тарабынан сунушталган 2004-2014-жылдар аралыгында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц обьектилердин, сатылып алынган негизги каражаттардын баланска алынышын кароо жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык кеңешинин пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитети тарабынан сунушталган 2004-2014-жылдар аралыгында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц. обьектилердин, сатылып алынган негизги каражаттардын баланска алынышын карап чыгып айылдык кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-2014-жылдар аралыгында курулган обьектилер, сатылып алынган негизги каражаттар кириш болгондугу баланска алынгандыгы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландоо, бюджет, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго жана К.Э.Б. башчысы Н.Нуридиновторго аткаруу жүктөлсүн.
Төрага | З. Эрматов |