Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 16/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу И. Умаров орто мектебинин эски имаратын максаттуу багыты кайра өзгөртүлгөн 60 орундук Жаңы - Арык балдар бакчасынын имаратынын ичин сыртын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 16 -кезексиз заседаниеси Кыргыз Республикасынын Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу И. Умаров орто мектебинин эски имаратын максаттуу багыты кайра өзгөртүлгөн 60 орундук Жаңы-Арык балдар бакчасынын имаратынын ичин сыртын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу И. Умаров орто мектебинин эски имаратын максаттуу багыты кайра өзгөртүлгөн 60 орундук Жаңы-Арык балдар бакчасынын имаратынын ичин сыртын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жазылган долбоорду карап чыгып Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашырууга жазылган долбоордо көрсөтүлгөн 2995446 сом, өздүк салым 10%299544 сом, мындан 5% 149772 сомдук жумуш күчү, 5% 149772 сом акча каражаты Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |