Редакцияот 20.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 17- кезексиз заседаниеси  

 

2015-жылдын 20-апрели № 17/1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын алкагында түзүлгөн конкурстук  комиссиянын сунушун бекитип берүү жөнүндө

  Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылынын алкагында түзүлгөн конкурстук комиссиянын төрайымы А.Шаңыяеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын 17-кезексиз заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн  Жаңы-Алай жана  Жаңы-Арык  айылдарындагы  эң көйгөйлүү  маселелерди аныктоо жөнүндөгү кокурстук комиссиянын отурумунун №3 20.04.2015-жылдагы чечими бекитилсин.

2. Айылды инвестициялоо-3 долбоорунун конкурсуна  Жаңы-Алай айылындагы  эң көйгөйлүү маселелерин   сунуш кылуу  айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Исмаиловго, аны көзөмөлдөө  туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

З. Эрматов