Редакцияот 11.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  (VI чакырылыштагы)  кезектеги  ХХV сессиясы

 

2015-жылдын 11-ноябры № 25/3

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №117-0  29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө

    Көк-Жаңгак шардын мэри Ж.Юсуповдун каты: Каржы министрлигинен республикалык бюджеттен №1 бала бакчаны оңдооп түзөө  иштери боюнча 3700,0 (үч миллион жети жүз миң) сом жергиликтүү бюджетке бөлүнгөн. ОсОО «Тэран» тендерден утап алган акча каражаты 2690,3 ( эки миллион алты жүз токсон миң үч жүз) сом түзөт. Калган 1009,7 (бир миллион тогуз миң жети жүз) сом акча каражатын Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап  талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  ( VI-чакырылыштагы) кезектеги ХХV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен бөлүнгөн акча каражатты «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык принциптери жөнүндө» мыйзамдарына ылайык шаардагы Октябрь көчөсүндөгү № 1 бала бакчага бөлүнгөн 07.10.2015-жылы түзүлгөн сметага ылайык жана Кыргыз Республикасынын «мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин 4/2, 4/3 пунктарынын жана 53-беренесинин 2-пунктунун негизинде:

-сметада каралган жана жасала турган иштер боюнча 420,8 миң  сом;

-жылытуу системасын оңдоо боюнча 494,5  миң сом;

-курулуш –ремонттоо иштерин көзөмөлдөө үчүн технадзорго төлөнүүчү

  каражат 24,6 миң сом ;

-проектти сметасы менен даярдоого кеткен каражат 35,0 миң сом;

-тендер иш кагаздарын даярдоо жана өткорүү адиске  – 5,0 миң сом;

- №1 бала бакчанын ремонтун бүтүрүү үчүн ар турдуу чыгымдарга- 29,8 сом

Баардыгы болуп: 1009,7 миң  сом бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Ж.Юсуповго жана каржы бөлүмүнүн  башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Курбанов