Редакцияот 11.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  (VI чакырылыштагы)  кезектеги  ХХV сессиясы

 

2015-жылдын 11-ноябры № 25/6

Көк-Жаңгак шаарынын «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасы аткарган иштери жөнүндө

     Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарынын жашоочулары таза суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга булактардан жана суу келүүчү жерлерди санитардык коргоо зоналарынын чектерин белгилөө боюнча «Шар-Булак» ишканасы аткарган иштери боюнча жетекчиси К.Киезбаевдин маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI чакырылыштагы) кезектеги  ХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Көк-Жаңгак шаарынын жашоочулары таза суу менен камсыз кылуу үчүн шаарга булактардан жана суу келүүчү жерлерди санитардык коргоо зоналарынын чектерин белгилөө боюнча иштери «Кыргыз Республикасынын ичичүү суу жөнүндө»  мыйзамына ылайык  аткарылсын.

2.  Бул токтомду аткарылышы  «Шар-Булак» ишканасынын жетекчиси   К.Киезбаевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык экономика-өндуруш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссияга  (Т.Айтиевге) тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Курбанов