Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXIX сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 1
ПРООНдун “Нарын облусун комплекстуу өнүктүрүү” боюнча Программасы менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы Гранттык макулдашуу (грантовое соглашение) келишимдин негизинде кредиттик эмес ишмердүүлүккө Жумгал районунун Чаек айылына берилген долбоорлорго акчалай гранттарды алуу жөнүндө
ПРООНдун “Нарын облусун комплекстуу өнүктүрүү боюнча Программасы (ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары г-н Прадип Шарма) менен грант алуучу (Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жунушалиев) гранттарды алуу боюнча О.Жунушалиевдын сунушун угуп жана талкуулап, Чаек айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Татыр айылынын жаңы конуштарына таза суу түтүктөрүн кеңейтүүгө - 938 850 сом алынсын.
2. Ак-Татыр айылындагы “Адыр” каналынын толук капиталдык оңдоп түзөөдө өткөрүү үчүн -774 590 сом алынсын.
3. Ак-Татыр айылынын жаңы конушуна кубатуулугу 250 кВт трансформаторун алуу үчүн 488 400 сом алынсын.
4. Ак-Татыр айылынына койдун жүнүн кыркуучу пункт ачуу үчүн – 104 000 сом алынсын.
5. Ак-Татыр айылынын борбордук көчөсүнө түнкү чырактарынын орнотуу үчүн
-164 000 сом алынсын.
7. Ак-Татыр айылына айыл чарба жана чоң көлөмдөгү унаа техникаларынын дөнгөлөктөрүнүн алмаштыруу боюнча кызматын көрсөтүүчү ишкана ачуу үчүн- 498 000 сом алынсын.
8. Бетон жана темирден жазалуучу курулуш шакекчелерин чыгаруучу ишкана ачуу үчүн - 495 000 сом алынсын.
9. Ак-Татыр айылында жыгач эмеректерин чыгаруу ишкана ачуу үчүн -294 000 сом алынсын.
10. Акча каражаттарын алууга тиешелүү иш кагаздарын топтоо жагы грант алуучу долбоор ээлерине жана айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жунушалиевге жана башкы эсепчи М.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
11. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп “jumgal.kg” веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Ж. Бөдөшбеков |