Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги XXIX сессиясы
2015-жылдын 18-августу № 3
Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Чаек-Водоканал” муниципалдык ишканасынын, эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун 06.08.2015-жылдагы № 4 токтому жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы “Чаек-Водоканал” муниципалдык ишканасынын, эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун 06.08.2015-жылдагы суунун тарифин кайра карап, көбөйтүү боюнча № 4 токтомун угуп жана талкуулап, Чаек айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты таза суу менен жабдууда үйдүн ичине суу киргизгендер үчүн ар бир адамга бир айга -20 сомдон
- сууну көчөдөн ташып келип пайдалангандар үчүн 10 –сомдон
- ашкана, мончо, дүкөн, чач тарачтарга ар бир м3 суу үчүн- 15 сомдон
- мекеме ишканаларга, ооруканаларга, мектептерге м3 суу үчүн -8 сомдон болуп жогорулатылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Ж. Бөдөшбеков |