Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 28-1
Кыргыз Республикасынын «Зет-Эксплорер» жабык акционердик коомуна, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Жылгын-Сай аймагынын кен байлыктарына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү жөнүндө
«Зет- эксплорер» жабык акционердик коому Жылгын-Сай аймагынан Курбан-Булак участкасында геологиялык чалгындоо максатында бургулоо иштерин жүргүзүү тууралуу айылдык кеңешинин депутаттарынын ой-пикирин жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылгын-Сай аймагындагы, Курбан-Булак участкасынын чектеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында, «Зет-эксплорер» жабык акционердик коому жер казынасын пайдалануу укугун берген АП-236 лицензиясына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы, «Зет- эксплорер» жабык акционердик коомуна жүктөлсүн.
3. Жер казынасын пайдалануу укугуна ээ лицензияларды кармоо үчүн төлөмдү жана салыктарды өндүрүү Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |