Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 28-2
Көк-Жар айылында жайгашкан, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагында 2015-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен социалдык-маданий обьектилерди оңдоо жана аларды калыбына келтирүү боюнча пландаштырылган иш-чараларын колдоо максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылында жайгашкан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантына даярдалган жалпы суммасы 2 932 887 (эки миллион тогуз жүз отуз эки миң сегиз жүз сексен жети)сом болгон сметалык долбоордун 10 пайыздык өздүк салымын төлөө үчүн айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча кирешелеринин эсебинен, 293 300 (эки жүз токсон үч миң үч жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жогорудагы каралган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |