Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 28-3
Көк-Жар айыл аймагынын М. Мамытов атындагы “ Жийде “ орто мектебинде мектепке чейинки билим берүү багытындагы иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн коммуналдык тейлөөнү камсыз кылуу жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы М.Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинде ГПЦО- 100 мектепке чейинки билим берүүнү колдоо долбоору тарабынан мектепке чейинки билим берүү багытында иш-аракеттер жүргүзүлө тургандыгы жөнүндөгү маселени карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ГПЦО-100 мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ачуу долбоору тарабынан уюштурулуучу М.Мамытов атындагы ”Жийде” орто мектебинде мектепке чейинки билим берүү иш-аракеттеринин үзгүлтүксүз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен беш жылдан кем эмес мөөнөткө чейин коммуналдык тейлөөсүн колдоп берүү жагы колдоого алынсын.
2. М. Мамытов атындагы “Жийде”орто мектебинде ГПЦО-100 мектепке чейинки билим берүү мекемелерин уюштуруу долбоору тарабынан мектепке чейинки билим берүү багыты ачылып жаткандыгы жана ал иш-чаранын коммуналдык тейлөөсүн камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттен каралып жаткандыгы тууралуу иш-чаралар Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинен суралсын.
Төрага | Н. Туманов |