Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 28-4
Көк-Жар айыл аймагына караштуу Көк-Жар айылындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы иштеп жаткан 3-4-тайпаны жана тейлеп жаткан кызматкерлердин эмгек акысын республикалык каржылоого өткөрүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы 3-4-тайпаны жана анда эмгенктенген кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча Көк-Жар айылынын тургундарынын 2015-жылдын 3-февралындагы №2-протоколундагы суроо талаптарын карап чыгып,депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ата-энелер чогулушунун 2015-жылдын 3-февралындагы №2-протоколундагы талаптары канаттандырылсын.
2. Көк-Жар айылындагы «Шүүдүрүм» балдар бакчасына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча кирешелеринин эсебинен 2015-жылга тамак ашына 105600 сом, электр энергиясына 16 317 сом, көмүр сатып алуу үчүн 22000 сом, трансформатор сатып алууга 50000 сом жалпысы болуп 193917 сом акча каражаты бөлүнгөндүгү эске алынсын.
3. «Шүүдүрүм» балдар бакчасындагы иштеп жаткан 3-4- тайпасындагы жана анда эмгектенген кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик каржылоого өткөрүүгө макулдук берилсин.
4. Мамлекеттик каржылоого өткөрүү жөнүндөгү маселени, тийиштүү жогорку органдарга кайрылып, чечип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |