Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-июну № 28-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Каңды айылындагы, Дедек-Бүбү участкасындагы намазкананы мечит кылып, өзгөртүү жөнүндөгү айыл тургундарынын сураныч катын карап берүү тууралуу
Көк-Жар айыл аймагына караштуу Дедек-Бүбү участкасындагы жайланышкан намазкананы, мечит кылуу жөнүндөгү элдин сураныч каты боюнча, айылдык кеңештин депутаттарынын ой-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дедек-Бүбү участкасы, Сары-Каңды айылындагы мечиттерден 5-6 км алыстыкта жайланышкандыгына байланыштуу, Дедек-Бүбү участкасындагы мурда намазкана үчүн ажыратылып берилген 0,20 га жер участкасына мечит куруу үчүн мыйзам чегинде иш кагаздарын бүткөрүүгө макулдук берилсин.
3. Мечит куруу үчүн мурда ажыратылып берилген 0,20га жер участкасына токтом чыгарып берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ажыратылган жердин тиешелүү юридикалык иш кагаздарын, мыйзам чегинде бүткөрүү жагы, Дедек-Бүбү участкасынын имамы И. Хайдаровго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |