Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-октябры № 29-2
Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасын бүтүрүүгө акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасынын абалы боюнча бакчанын жетекчиси Ниязова Жыпардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылынын борборунда жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасынын отканасынын абалы боюнча билдирүүсү колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айылында жайгашкан балдар бакчасынын отканасын бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча кирешелеринин эсебинен,66 170 (алтымыш алты миң бир жүз жетимиш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Акча каражаты менен мыйзамга ылайык камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |