Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-октябры № 29-3
Кызматтык унаа сатып алууга акча каражатын ажыратуу тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасынын жараксыз болуп, калгандыгы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жогоруда айтылган сунуштарды эске алып депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасынын эскилиги жеткендиги боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу жактырылып колдоого алынсын.
2. Кызматтык унаа сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча кирешелеринин эсебинен 700 000 (жети жүз миң) сомго чейин акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Акча каражаты менен мыйзамга ылайык камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |