Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-октябры № 29-4
Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алууга жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасына акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн, Көк-Жар айылындагы жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алуу жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасы боюнча жетекчилердин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылынын борборунда жаңыдан ачылып жаткан балдар бакчасына эмерек алуу жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасы боюнча жетекчилердин билдирүүлөрү колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айылында жайгашкан балдар бакчасына эмерек алуу жана Көк-Жар орто мектебинин жылытуу системасы үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин электр энергиясынан үнөмдөлгөн акчасынын эсебинен, 120000 (жүз жыйырма миң) сомго чейин акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Акча каражаты менен мыйзамга ылайык камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Салиевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |