Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-августу № 18/9
Айыл аймакта катуу шамалдан жабыркаган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
2015-жылдын 14-20-июль күндөрү болуп өткөн катуу шамалдын натыйжасында айыл аймактын тургундарынын чатырларын учуруп кетип зыян тарткандыгы жөнүндөгү арызын айыл өкмөтүнүн алдындагы табият кырсыктарынын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жарандык коргоо штабынын сунушун, айыл кеңешинин өнөр-жай, курулуш, энергетика жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 08.08.2015-жылдагы отурумунун сунушунун № 4-пунктуна таянып, депутаттар сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2015-жылдын 14-20-июль күндөрү болуп өткөн катуу шамалдан зыян тарткандарга, тарткан зыянына жараша 1(бир) айдын ичинде материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Х.Юлдашевге жана айыл кеңешинин депутаты Э.Тургуновго милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.М. Атакулов |