Редакцияот 14.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

    Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 14-марты № 44

Чоң – Капка айылындагы жаңы түшкөн көчөгө ат коюу жөнүндө

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чоң-Капка айылына эмгеги сиңген мугалим агай Калдыбай Жакыпбековдун эмгегин баалап талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл арасында кадыр баркын , элге кылган көп мээнетин баалап, элдик макулду улугун эске алып, Чоң-Капка айылындагы жаңы түшкөн көчөнү “Калдыбай Жакыпбеков” атындагы көчө деп аталсын.

2. Калдыбай Жакыпбеков  атындагы көчөнү уул – кыздарына , жолду көрктөндүрүү жана социалдык абалын көңүл буруу жагы милдеттендирилсин .

3. Токтомдун аткарылышын , көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

З. Курманалиев