Редакцияот 14.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

    Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 14-марты № 53

Үч-Коргон айыл аймагына  караштуу  Чоң-Капка  айылынын  түштүк чыгыш тарабында жайгашкан №111 контурунда  жайгашкан Кыдыралы  каналынын курган  учурда  пайда болгон дөңчө  жөнүндө талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Капка айылынын түштүк чыгыш тарабында жайгашкан № 111 кон турундагы Кыдыралы каналынын курган учура пайда болгон дөңчөнү рекультивация жасап, айдоо же бак дарак тигилүүчү жер аянтына айлантуу, андан чыккан топурак , таштар менен калктуу конуштардын жолун оңдоого жумшалсын.

2. Топурак жана таштарды алуу үчүн экологиялык экспертизанын корутундусун алуу жагы суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын  жана көзөмөлдөө жагы  Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Р.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Курманалиев