Редакцияот 28.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

    Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

 

2015-жылдын 28-августу № 54

Кызыл-Жылдыз айылындагы Кризистик колдоо борборуна айыл өкмөт бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Үч-Коргон  айылдык аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан  кризистик колдоо борборунда иштеп жаткан жумушчулардын айлык акысын  айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы айылдык кенештин депутаттарынын талкуусуна салынып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кризистик Колдоо борборунда иштеп жаткан ашпозчу жана техничкасына айлык акы бөлүп берүү жагы каралсын.

2. 2015-жылдын июль айынан декабрь айына чейин ай сайын 3500 (үч миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Р.Акматовго милдеттендирилсин. 

 

Төрага

З. Курманалиев