Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 59
Үч-Коргон айылдык кеңешинин токтомдорун кыргыз тилинде кабыл алуу жана иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагында айыл тургундарынын 90%дан ашыгы кыргыз улутун түзгөндүктөн Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык аймагында айыл тургундарынын 90%дан ашыгы кыргыз улутун түзгөндүктөн Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин токтомдору, иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн жана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Р. Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З. Курманалиев |