Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 60
Үч-Коргон айылына спорт аянтчасын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын Үч-Коргон айылына спорт аянтчасын курууга жер бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү арызын карап, талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылындагы Кадырбаев Абдрахман атындагы көчөнүн № ___ жайгашкан 1,20 га(Бир гектар жыйырма сотых) жер аянты спорт аянтчасын куруу үчүн айыл жашоочуларына пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Курула турган спорт аянтчасына Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын жыйынынын чечиминин негизинде Үч-Коргон айылынын атуулу Карабаев Пазилдин ысмы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Коргон айыл өкмөт башчысы М.Акматовго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Курманалиев |