Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 63
Мыйзам бузуучулукту четтетип тийиштүү кызматкерлерге тартиптик чара көрүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттары Манас районунун прокуратурасы тарабынан келген “мыйзам бузуучулукту четтетип тийиштүү кызматкерлерге тартиптик чара көрүү жөнүндөгү” сунуштаманын негизинде Үч-Коргон айылдык кеңешинин эл депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылдык кеңеши тарабынан 2015-жылдын башынан бери кабыл алынган 24 токтом жооптуу катчы А.Айтматованын ишке кайдыгер мамилесинен жана өкмөт башчысы тарабынан убагында көзөмөл жүргүзүлбөй мыйзам бузуучулукка жол бергендиги үчүн айыл өкмөт башчысы М. Акматовго эскертүү берилсин.
2. Үч-Коргон айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду массалык маалымат булактарына жарыялоо менен Талас областык юстиция башкармалыгына каттоо жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу А. Иманкуловага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | З. Курманалиев |