Загрузка документа…
КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № 14/6
Кара- Жыгач айылдык кеңешине келип түшкөн арыздарды кароо
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом каражат жерлерди жайыт категориясынан конуш категориясына которууга топо сьемка, ген план түзүүгө бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда, ыкчам аракеттерди көрүү үчүн, күйүүчү майлардын запасын кармоо үчүн, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом каражат бөлүнүп берилсин.
3. Сыны айылынын Көк-Тонду участкасынын жолун оңдоо үчүн -100 000сом бөлүнсүн.
4. Сыны айылынын сел алган арыктарын ондоо үчүн - 50 000 сом бөлүнсүн
5. Сыны айылынын Оут участкасына көпүрө салуу үчүн - 100 000 сом бөлүнүп берилсин
6. Дардак-Дөбө айылына таза суу алып келүү үчүн -50 000сом бөлүнүп берилсин.
7. Тор-Камыш айылындагы суугат суу үчүн орнотулган насосту королоо үчүн -10 000сом
8. Чарба каналын тазалоо үчүн-60 000сом бөлүнүп берилсин.
9. А.Молдокеев орто мектебинин спорт инвентарлары ж.б. ремонт иштери үчүн - 50000 сом берилсин.
10. К.Чекиров орто мектебини шашке чайды,ысык тамакка өткөрүү боюнча - 200 000 сом бөлүнсүн.
11. Спорт комплексинин документтерин даярдоо үчүн - 30 000сом бөлүнүп берилсин.
12. Кара-Жыгач айылына спорт площадка куруу үчүн - 150 000сом бөлүнүп берилсин.
13. Айыл өкмөткө ВЕБ-САЙТ ачуу үчүн - 40 000 сом бөлүнүп берилсин.
14. Борбордук-Көчөдөгү Тор-Камыш алышын тазалоо үчүн - 10.000 сом бөлүнүп берилсин.
15. А.Кулубаев негизги мектебине – 60 000 сом бөлүнсүн.
16. Токтом www.karazhygach.aksy.kg сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Назарбеков |