Редакцияот 14.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-июлу № 01-05/169

Маматова Назгүлдүн кайрылуу каты жөнүндө

     Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик нотариалдык канторасынын ижара акысын төлөө боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын  48-беренесине ылайык

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик нотариусунун жетекчиси Маматова Назгүлдүн кайрылуусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарындагы мамлекеттик нотариусунун ижара акысы төлөнүп берилсин.

3. Төлөнүүчү каражат аппараттын түрдүү чыгым статьясынан 60 000 (алтымыш миң) сом каржылансын.

4. Аткаруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри мырза К.М.Эгембердиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Каржы, бюджет, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

 

А. Нусупбеков