Редакцияот 14.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2015-жылдын 14-июлу № 01-05/172

Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебининин айланасына кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен 30% дык депозитин 2016- жылдын бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебининин айланасына кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен 30% дык депозитин 2016- жылдын бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө  билдирүүсүн угуп, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри Немат уулу Жайнактын Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебининин айланасына кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен 30% дык депозитин 2016-жылдын бюджетинен ажыратып берүү жөнүндө  билдирүүсү эске алынсын.

2. Н. Исанов атындагы жатак-гимназия мектебининин айланасына кичи футболдук аянтча куруу боюнча долбоору үчүн  Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү үлүштүк грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30% дык депозити боюнча 2016- жылдын бюджетинен 1 152 452 (бир миллион бир жүз элүү эки миң төрт жүз элүү эки ) сом акча каражатын  ажыратып берүү жагы Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери  боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

 

А. Нусупбеков