Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 22/6
Геологиялык чалгындоодон түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Геологиялык чалгындоодон 198525 сом түшкөндүгү белгиленсин.
2. 120,0 миң сом Талды-Суу айылына беккари чуңкурчасын курууга, 78525 сом айыл өкмөтүнүн башка чыгымдарына (прочий расход) бөлүнсүн.
3. Бөлүнгөн акча каражаттарын түз казына аркылуу түзүлгөн сметага ылайык чыгымдоо финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Дайыргазы уулу Нурланга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бөлүм башчы Дайыргазы уулу Нурланга милдеттендирилсин.
Төрага |
Ж. Молоев |