Редакцияот 23.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган кезексиз XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 23-октябры № 23/3

     1-Май айылында мониторинг комитетинин курамын түзүү жөнүндө

1-Май айылында социалдык-экономикалык долбоорлорду аныктоодо, талкуулоодо тандоодо жана алардын ишке ашырылышын көзөмөлдөп баалоодо мониторинг комитетинин курамын түзүп бекитүү максатында Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз XXVI шайланган XXIII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айылында социалдык-экономикалык долбоорлорду аныктоодо, талкуулоодо тандоодо жана долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлдөп баалоодо мониторинг комитетинин курамы 5 адамдан түзүлүп бекитилсин.

2. Төмөндөгү адамдар мониторинг комитетинин курамына киргизилип бекитилсин.

- У Бердигулов- айыл өкмөтүнүн башчысы

- Э Жантемирова- Т Тынымбаев атындагы орто мектебинин директору

- Ж Молоев- айылдык Кеңештин төрагасы

- А Жумабай уулу- ӨЖТА нын лидери

- Н Асанакунов- айылдык Кеңештин депутаты

 

 

Төрага

Ж. Молоев